Тажикстанда 2024-жылдагы ажылык сапардын баасы 57 миң сомони же 5 миң доллардан ашык деп белгиленди. Бул тууралуу өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети билдирди.
Түндүк Корея 2023-жылдан бери Орусияга ок-дары жана башка аскер жабдыктары жүктөлгөн 7 миңге жакын контейнер жөнөткөн. Бул тууралуу Түштүк Кореянын коргоо министри Шин Вон Сик билдирди.
Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту жети жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталган шаар тургунун 20 жылга эркинен ажыратты.
18-мартта түшкө жакын Өзбекстандын Бухара облусунда окуучулар бараткан автобус менен жүк унаасы сүзүшүп, жыйынтыгында бир бала каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.
Профессор, тарых илимдеринин доктору жана Геральдика кеңешинин мүчөсү Каржаубай Сарткожаулы Казакстандын гербин өзгөртүү боюнча президент Касым-Жомарт Токаевдин сунушуна каршы экенин билдирди.
Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна "Клооп Медиа" коомдук фондунун адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.
Тажикстандын Жогорку соту "Ориёнбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө айыпталган 14 кишинин бешөөнү өмүрүнүн аягына чейин эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлады.
Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат.
Орусия Стамбулда өзү иштеген мейманкананын ээсин өлтүргөн деп шектелген өзбекстандык Хасанжон Аминовду Түркияга өткөрүп берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери Ирина Волктун сөзүнө таянуу менен билдирди.
Обнинск шаарынын судьясы 72 жаштагы укук коргоочу, "Адам укуктары үчүн" кыймылынын лидери Татьяна Котлярга чет элдиктерди мыйзамсыз каттоого тургузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 450 миң рубль айып пул салды. Бул тууралуу Sota басылмасы кабарлады.
Орусиянын Алтай аймагында Чымкент-Новосибирск каттамы боюнча бараткан автобус арыкка оодарылып кеткени кабарланды.
Казакстанда кумар оюндарына көз каранды жарандар үчүн өзүн кумар оюндарынан жана кумарга акча саюудан өз алдынча чектөө боюнча санарип кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм жана спорт министрлиги билдирди.
Загрузить еще
No media source currently available