Ссылки доступа

Жапония Кыргызстанга 1 миллиард доллар жардам берет


Жапония Кыргызстанга 1 миллиарддан ашык долларга жардам берет. Бул боюнча жапон өкмөтүнүн башчысы Синдзо Абэ кыргыз бийлиги менен жолугушууда макулдашылды.

Бишкекте Жапония өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев жана Темир Сариев менен жолукту.

2016-жылы Жапония 16 миллион долларды “Манас” аба майданын реконструкциялоосуна бөлөт. 1,5 миллион доллар айыл-чарба багытына жана 117 миллиондук насыя Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жумшалат.

Бир жумадан бери Синдзо Абэ Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырууда. Ал соода байланыштарына боюнча сүйлөшүлөрдү жүргүзүүдө. Абэни 50 жакын жапон компаниялардын өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Сапарынын алдында жапон өкмөт башчысы Монголия менен Борбор Азиянын геосаясатта орду чоң жана ал ар бир өлкө менен катташууга умтулганын айткан.

XS
SM
MD
LG