Ссылки доступа

«Казакстан-Семей» телеканалы жабылды


«Казакстан» корпорациясы тараткан билдирүүгө таянсак, аталган телеканалдын базасында кабарчылардын кеңейтилген пунктун түзүү чечими кабыл алынды.

Мамлекеттик каражатты натыйжалуу пайдалануу максатында «Казакстан-Семей» каналы «Казакстан-Өскемен» телеберүүсүнө бирикти. Мындай кадамга «Казакстан-Семей» телеканалы жылына 158 миллион теңге коротуп, корпорацияга пайда алып келбей жатат деген жүйөө келтирилүүдө.

Азыркы тапта “Казакстан” корпорациясынын кызматкерлери кирген атайын топ түзүлдү. Алар өндүрүштүн көлөмүн аныктап чыгышат, андан кийин жаңы штаттык эрежелер негизделет.

Мындан мурда «Казакстан-Семей» телеберүүсүнүн журналисттери жетекчилик тарабынан 2016-жылдын башында канал жабылары эскертилгенин жана ага каршы экендиктерин “Азаттык” үналгысына кабарлашкан. Каналда 70ке чукул адам эмгектенет. Кесиптик жамаат президент Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жолдошту. Семейдеги жергиликтүү окуу жайлар аталган каналга ээлик кылган “Казакстан” корпорациясынын жетекчилигине аны жабуу чечимин жокко чыгаруу суранычы менен кайрылышты.

XS
SM
MD
LG