Ссылки доступа

Британ соту Аблязовдун күйөө баласы ИльясХрапуновдун активдерин тоңдурду


Улуу Британия соту Казакстандагы БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун күйөө баласы ИльясХрапуновдун активдерин убактылуу тоңдуруу чечимин кабыл алганын Reuters агенттиги кабарлады.

Женевада жашап, ишкерлик менен алектенген Храпунов БТА банктанмыйзамсыз чыгарылып кеткен акчаны жаап-жашырууга көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Казакстандын БТА банкы келтирилген зыянды кайтаруу талабы менен Ильяс Храпуновдун үстүнөн сотко кайрылган.

Храпунов Муктар Аблязовдун кызы Мадинаны алган. Ал Швейцарияда башкалкалап жүргөн Алматанын мурдагы акими Виктор Храпуновдун өгөй баласы.Казак бийлиги 65 жаштагы Виктор Храпуновду коррупция үчүн айыптап, издөө жарыялаган.

Мухтар Аблязов 2013-жылдын жайынан бери Франциянын түштүгүндө абакта камалып жатат. Казакстандын жана Украинанын бийликтери расмий Парижге кайрылып, аны өткөрүп берүүнү суранышкан. Мекенинде Аблязов БТА банктан алты миллиард доллар уурдаган деп шектелүүдө. Ал эми Орусия жана Украинада ага каржылык көз боемочулуктарды жүргүзгөн деген айыптар тагылган. Быйыл 17-сентябрда Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча жарлыкка Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс кол койгон.

XS
SM
MD
LG