Астанада президенттин күнүнө карата туу көтөрүлүп, мамлекеттик күзөт кызматына байрак тапшыруу аземи болду.
Казак башчысы Нурсултан Назарбаев аскердик-тарыхый музейге барып, анда коюлган сейрек кездешүүчү экспонаттарды көрдү.
Ошондой эле анын катышуусунда жаңы жылдык эң чоң балатынын оту жагылмакчы.
Казакстанда алгачкы президенттин күнү 2011-жылы Назарбаев кайра такка отургандан кийин негизделген. Ал өлкөнү 1991-жылдын 1-декабрынан бери башкарып келе жатат.