Ссылки доступа

АКШнын вице-президенти Киевге барды


Американын вице-президенти Жо Байдендин Украинага эки күндүк сапары 6-декабрдын кечинде башталды.

Анын жүрүшүндө расмий Киевди реформа өткөрүүгө чакырмакчы. Ошондой эле Байден Сириядагы оор кырдаалга карабастан, Украина дале Вашингтондун көңүл борборунда турарын далилдөө максатын көздөп жатат.

Бүгүн ал Украина президенти Петро Порошенко жана премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушат. Эртең өлкө парламентинин алдында сөз сүйлөйт.

Сентябрдын башынан бери Украинанын чыгышында куралдуу кагылышуулар азайды. Бирок соңку убакта Донбасста атышуулар кайра күчөгөнү айтылууда.Өздөрүн Донецк жана Луганск элдик республикасы деп атап алган эки облустун саясий жана укуктук макамына байланышкан маселе чечиле элек. Мындан улам аймакта чыңалуу дале сакталууда.

XS
SM
MD
LG