Абдишев Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметов менен кошо сот алдында жооп берип жаткан аткаминерлердин бири.
Экс-премьер жемкорлук боюнча айыпталып,2014-жылдын ноябрынан бериүй камагында отурат. Аны менен бирге 21 адамдын соту жүрүүдө. Арасында Караганда облусунун мурдагы башчысы, Караганда шаарынын экс-мэри жана башка аткаминерлер, ишкерлер бар.
Бул иш боюнча сот жараяны июлда башталган.Теги карагандалык Серик Ахметов 2012-жылдын сентябрынан 2014-жылдын апрелине чейин казак өкмөтүн жетектеген. Андан кийин коргоо министри болуп дайындалып, октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткени расмий маалымдалган. Экс-премьер “коррупцияга аралашкан, ири өлчөмдөгү бюджеттик акчаны туура эмес жумшаган” деп айыпталууда.