Ссылки доступа

Тажикстанда генерал Назарзоданын иниси кармалды


“Азаттык” радиосунун тажик кызматы Жамол Назаров Дүйшөмбүнүн четиндеги Рудаки районунда 8-декабрда жергиликтүү тургундун үйүндө кармалганын укук коргоо органдарына таянуу менен маалымдады.

39 жаштагы Жамол Назаров Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын иниси. Ал 4-сентябрдан бери издөөдө болчу.

Буга чейин анын козголоң учурунда өлтүрүлгөнү же Орусияга качып кеткени божомолдонуп жаткан. Анын жакынкы күндөрү Тажикстандан чыгып кетүү максаты болгону да айтылды.

Абдухалим Назарзоданын туугандары Жамолдун кармалганын тастыкташты. Азыр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоо жайында экенин, ага эч кимди киргизбей жатышканын жарыялашты.

Назарзода алты бир тууган. Анын үчөөсү Ромит капчыгайындагы окуяда жок кылынган. Калган экөөнө - Жамол менен Салимге издөө жарыяланган. Дагы бир иниси Голиб көп жылдан бери Орусияда жашап келет. Бийлик аны кармагандын кажети жоктугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG