Орусиянын Укуктук маалымат боюнча системасынын сайтында жарыяланганга караганда, мындай сунуш орус тышкы иштер министрлиги жана башкы прокуратуранын тергөө комитети менен макулдашылган.
Түркия туура бир ай мурда, 24-ноябрда аба мейкиндигин бузганына негиздеп, орус аскер учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкө алакасы кескин курчуп кеткен. Тараптар ошондон бери бири-бирин айыптап келет. Москва бул окуядан соң Түркияга карата бир канча санкцияларды киргизген.