Ссылки доступа

Сириядагы курчоодо калган айылдарга гумжардам жөнөтүлөт


Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Сирия өкмөтү өлкөдөгү курчоодо калган айылдарга гуманитардык жардам жеткирүүгө макулдугун берди.

Маалыматта айтылгандай, Ливан менен чектеш Мадай айылында адамдар ачкалыктан жарыкчылык менен кош айтышууда. Аталган кыштакты “Хезболла” тобу менен өкмөт күчтөрү курчоого алган.

Андан сырткары, Идлиб провинциясындагы жикчилдер көзөмөлдөп турган Фуа жана Кфария айылдарына да гумжардам жөнөтүлөт.

Сириядагы кооптуу абалда жашап жаткан аймактагылардын жалпы саны 4,5 миллионго чукулдайт. Анын арасында 400 миңи курчоодо калган айылдардын тургундары.

XS
SM
MD
LG