Ссылки доступа

Товарларды чет эл валютасында саткандар айыпка тартылышы мүмкүн


Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында сатылып жаткан товарлардын, авиабилеттердин жана турак-жайлардын наркын чет эл валютасында баалагандарды айыпка тартуу маселесин карап жатат.

Бул боюнча тийиштүү документтер азырынча даярдалып жатканын, тыюу салуу чечими качан чыгары анык эместигин “Азаттыктын” өкмөттөгү өз булактары кабарлады.

Кыргызстанда турак-үйлөр жалаң АКШ доллары менен бааланып, чет мамлекеттерге авиабилеттер да негизинен долларда сунушталат. Андан сырткары, ишкерлер өлкө ичиндеги товарларды да доллардын курсуна карап сатканга көнгөн.

XS
SM
MD
LG