Ссылки доступа

Крымдагы Януковичтин мүлкү Орусияга өткөрүлөт


Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин Крымдагы курулушу бүтпөй калган резиденциясы Орусиянын президенттик башкармалыгына өтөт.

Бул тууралуу Flash Crimea маалымдайт. Мурда пландалгандай, имарат Севастополго берилмек, оңдоо жумуштары бүткөндөн кийин ал жерде ден-соолукту чыңдоо негизделмек. 2007-жылы Януковичтин улуу баласы Александр жетектеген ишканалар “Айя булуңу” эс алуу жайын жана 3,5 гектар жер тилкесин 1,2 миллион долларга сатып алышкан. Азыркы учурда базанын аймагында резиденциянын курулушу убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG