Ссылки доступа

Тажикстанда социалдык түйүндөргө кайрадан чектөө киргизилди


Тажикстанда интернетти чектөө электр энергиясын өчүрүү сыяктуу эле көнүмүш адатка айланды.

Бир жумадай калыбына келип, жакшы иштей баштаган «Фейсбук», «Одноклассники», «В Контакте», Ютуб сайттарына кирүү кайрадан кыйынчылык туудурууда.

Бийлик чектөөлөргө тиешеси жоктугун айтып, муну оңдоп-түзөө иштери жана техникалык мүчүлүштүктөр менен байланыштырууда.

Былтыр Тажикстанда жыл бою социалдык тармактарда жана маалымат булактарында чектөөлөр болгон.

Өткөн аптада интернетте Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Меккеге болгон сапары тууралуу видеотасмалар жарыяланган. Ошол маалда социалдык түйүндөр жакшы иштей баштаган эле. Өлкө башчынын сапары карыган соң чектөөлөр кайрадан уланды.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматынын өкүлдөрү интернет менен камсыздаган компанияга жоопкерчиликти жүктөөдө.

XS
SM
MD
LG