Ссылки доступа

Британиялыктар референдумга даярданууда 


Улуу Британия премьер-министри Дэвид КэмеронБи-Би-Сиге курган маегинде, Европа Биримдигинин курамынан чыгуу өлкө үчүн туура эмес кадам болуп каларын айтты.

Ал быйыл февралда боло турган саммитте Евробиримдикти реформалоо боюнча келишимге жетем деген, ишенимде.

Британиянын аталган уюмга мындан ары да мүчө болушуна байланыштуу референдумду 2017-жылдын аягына чейин өткөрүү максат кылынган эле. Бирок, Кэмерон реформа боюнча макулдашууларга кийинки айда кол коюлса, жалпы элдик добуш берүүлөр быйыл болорун кабарлады.

Мындан тышкары эгерде өкмөттүн реформа боюнча аракеттеринен майнап чыкпай, британиялыктардын көпчүлүгү Евробиримдиктин курамынан бөлүнүүнү колдосо, отставкага кетпей турганын да кошумчалады.

Британ премьери экономиканы башкаруу, конкуренция эрежелери, мамлекеттердин эгемендигин камсыздоо жана миграция көйгөйүн чечүү багытында Европа Биримдигинде реформа жүргүзүүнү сунуштаган.

Кэмерон евро уюмга мүчө мамлекеттердеги жалгыз валюта эместигин моюнга алууну жана евромейкиндикке кирбеген өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктары корголушунталап кылууда. Ошондой эле Батыш экономикасын катуу көзөмөлдөөнү токтотууга, бирдиктүү базарды кеңейтүүдөн баш тартууга чакырып жатат.

XS
SM
MD
LG