Ссылки доступа

АКШнын бомбалоочу учагы Түштүк Кореядан учуп өттү


Түндүк Корея өткөн жумада суутек бомбасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган соң Америка өзүнүн стратегиялык B-52 бомбалоочу учагын Түштүк Кореянын үстүнөн учурду.

Түндүк Корея суутек бомбасын жасаганын өлкө лидери Ким Чен Ын 6-январда жарыялаган. Андан кийин ал сыноону жүзөгө ашырган аскерлерди куттуктап, куралдуу күчтөрдүн штабына барды. Маалымат каражаттары Ким Чен Ындын "Түндүк Корея эгемендиги менен улуттук ар-намысын ишенимдүү коргоо үчүн өзү жасаган суутек жана атом бомбасын колдоно алчу кубаттуу ядролук державага айланды", - деген сөзүн жазып чыгышты.

Пхеньяндын кадамынан кийин Түштүк Корея менен Жапония тынчсыздануусун жашырган эмес. Андан бир күн өтпөй Барак Обама билдирүү жасап, Кошмо Штаттар Түштүк Корея менен Жапониянын коопсуздугун сактоо боюнча милдеттенмелеринен кайтпай турганын, коопсуздукка коркунуч келтирчү Пхеньяндын чектен чыккан аракеттерине каршы катуу чаралар көрүлө турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG