Ссылки доступа

Орусия континенттер аралык 16 ракетаны сынайт


Орусия 2016-жылы 100дөн ашуун машыгууларды өткөрүп, 16 жолу баллистикалык континент аралык ракетаны сынап көрөт.

Өлкөнүн коргоо министрлиги кабарлагандай, муну менен ракеталардын техникалык даярдыгы, жаңы технологиялар текшерилет. 16 жолу ракета сыноо – Орусия үчүн жогорку көрсөткүч. Соңку беш жылда Кремлдин бул багыттагы максаттары толук ишке ашкан эмес. Маселен, 2015-жылы он төрт жолу учуруулар болот деп пландалып, бирок анын сегизи гана жүзөгө ашырылган.

Коргоо министрлиги Аба күчтөрүндө "Триумф" С-400 зениттик-ракеталык куралы эки эсе көбөйтүлө турганын да билдирди.

XS
SM
MD
LG