Ссылки доступа

Казак жана орус валюталарынын наркы төмөндөөдө


АКШ долларынын курсу бүгүн Казакстандын фондулук биржасында 357 жарым теңгеден ашты.

Орус рублинин баасы да дүйшөмбүдө Москва биржасында төмөндөөсүн улантты. Бир доллар 76 рублга сатылса, евро 84 рублге жакындады.

Аны менен бирге мунайдын баасы да арзандоонун жолунда. 11-январда эртең менен мунайдын брент маркасынын бир баррели 33 доллардан төмөндөдү. Өткөн жумада мунайдын баасы 10 процентке түшүп, 12 жылдан берки минимумга жакындады. Ал эми дүйнөлүк фондулук биржаларда терс динамика сакталууда.

XS
SM
MD
LG