Ссылки доступа

Америкалык актер Стивен Сигал Сербия жарандыгын алды


Америкалык актер, кинопродюсер, сценарист жана спортчу Стивен Сигал Сербия жарандыгына ээ болду.

Мындай чечим актер өлкөгө эки жолу келип кеткенден кийин кабыл алынганын Сербиянын өкмөтү маалымдады. Анда ал серб бийлигинин ишмердигине бийик баа берип, өзүн серб катары сезгенин айткан.

Сигал Белградда полиция кызматкерлери үчүн айкидо менен машыгуу мектебин ачууну сунуштаган.

Батыштын маалымат булактары Сигалдын сапарын Орусияга жан тарткан серб уюму каржылаганын жазып чыгышты.

Батыш менен Москванын ортосундагы олуттуу пикир келишпестиктерге карабай, Стивен Сигал Орусия президенти Владимир Путиндин саясатын колдогон жылдыздардын бири.

Сербия Евробиримдикке кирүүгө умтулуп келет. Бирок ага Орусияны жактаган улутчулдар тоскоол болуп жатат.

XS
SM
MD
LG