Ссылки доступа

Орусия Башар Асадга башпаанек берүүгө даяр


Владимир Путин  Bild немис басылмасына курган маегинде  Сириянын президенти Башар Асад өлкөсүн таштап кетүүгө мажбур болсо,   Орусия ага башкалка берүүгө даяр экенин билдирди.

Орус лидери Американын атайын кызматынын өкүлү, жашыруун делген документтерди ачык жарыялап салган Эдвард Сноуден өз өлкөсүнөн башпаанек алганын эске салып, бул аракет Асадды кабыл алганга караганда оор болгонун айтты. Сноуден 2013-жылы Орусиядан башкалка тапкан.

Путин азырынча Асаддын Орусияда жашоосу тууралуу айтуу азырынча эрте экенин белгиледи. Сирия жаңжалын жөнгө салуу үчүн биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикирин эске алуу керектигин, тандоо демократиялык жол менен өтсө, Асад эч кайда кетпей турганын жана анын президент бойдон калар-калбашы мааниге ээ болбой турганын кошумчалады. Анын баамында Сирияда конституциялык реформа жүргүзүү жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик, президенттик шайлоолорду өткөрүү керек. Шайлоодон кийин Асад өлкөнү таштап чыгып кетпей калышы дагы мүмкүн. Президент Путин Сириядагы тынч калктын ичиндеги адам курмандыктары үчүн Башар Асаддын аскерлери менен күрөшүп жаткандарды күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG