Ссылки доступа

Германиядан чыгарылган мигранттардын саны өсүүдө


Бул тууралуу Австриянын бийлиги жарыялады. Маалыматка караганда, Германия бир топ мигранттарга башпаанек берүүдөн баш тартты. Жалпысынан жыл башынан бери 1600дөн ашуун мигрантка Австрияга кирүүгө уруксат берилген жок.

Жаңы жыл майрамында аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөндөн кийин немис бийлиги мигранттарга каалгасын жабуу аракетин көрө баштады. Былтыр декабрда күнүнө 60га жакын мигрант өлкөдөн чыгарылса, азыркы учурда бул сан 200гө жетти.

Батышка ооп келип, бирок артка кайтарылгандардын көбү – оогандыктар, ошондой эле Ирак, Иран, Марокко жана Алжирдин жарандары басымдуу. Мурунку жумада мигранттардын сүйүктүү жерине айланган Швеция чек ара көзөмөлүн күчөткөн. Дания өкмөтү да Германия менен чек арасында убактылуу катуу текшерүү жүргүзүлөрүн жар салды. Бул чара Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттардын токтобой жатканына байланыштуу киргизилди.

Германиянын Кёлн жана Гамбург шаарларындагы сексенден ашуун аял 1-январга караган түнү карактоого жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгонун айтып, полицияга даттанган. Алардын арасынан бирөө зордукталганы катталган. Полиция күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө таянып, кол салгандардын кебете-кешпири Жакынкы Чыгыштан жакында качкын болуп келген адамдарга окшош экенин билдирген. 2015-жылы Жакынкы Чыгыштан, Түндүк Африкадан жана Ооганстандан бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант Европага кирген.

XS
SM
MD
LG