Ссылки доступа

АКШ Украинадагы электр линиясына болгон чабуулду иликтөөгө көмөктөшөт


Украинада 23-декабрда электр тармактарына жасалган киберчабуулдун натыйжасында 80 миңдей турак-жай жарыксыз калган.

Өлкөнүн батышынын жашоочуларынын тең жарымынын электр энергиясы үзүлгөн. Электр тармактарынын компьютер системасын бузуп кирген вирус аймактык 3 тейлөө операторун иштен чыгарганын аныкталган.

Black Energy деп аталган бул программа 2007-жылдан кийин пайда болду. Соңку кездери компьютер системасын бузуу боюнча кошумча функциялар менен байып бараткан кооптуу программалардын бири болуп саналат. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, аны Москвадагы Sandworm хакерлер тобу пайдаланат.

Украинанын Коопсуздук кеңеши бул үчүн Орусияны айыптоодо. Эми бул окуянын чоо-жайын иликтөөгө АКШ жардамдаша турган болду.

XS
SM
MD
LG