Ссылки доступа

Казак парламентин мөөнөтүнөн мурда таратуу сунушталууда


Казак мажилисинин депутаттары мындай сунуш менен президентке кайрылышты.

Алар парламентке кезексиз шайлоо жарыялоону сунуштоодо.

Бийликчил Коммунистер партиясынын депутаты Владислав Косарев билдиргендей, парламенттеги «Нур Отан», «Ак жол» жана КНПК фракциялары азыркы мажилис реформа боюнчапрезидент жолдогон мыйзамдарды кабыл алып берүү менен, өзүнүн тарыхый милдетин аткарды.

Мажилиске соңку шайлоо 2012-жылдын январында өткөн. Анда үч партия, президенттин «Нур Отан» жана бийликти жактаган «Ак жол», КНПК саясий бирикмелери жеңип чыккан. Өлкөнүн мыйзамы боюнча, 107 депутаттын 98и саясий партиялардын тизмеси боюнча шайланат, тогуз эл өкүлү Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан беш жылдык мөөнөткө тандалат.

XS
SM
MD
LG