Ссылки доступа

Жалал-Абадда ВИЧ илдетин жуктурган балдар көбөйдү


Жалал-Абад облусу боюнча ВИЧ илдетине кабылган 74 бала бар.

Былтыр жети баладан иммундук таңсыктык вирусу (ВИЧ) аныкталган. 2014-жылы болсо, бул илдетке төрт бала чалдыккан. Мындай маалыматты СПИДди алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча облустук борбордун директору Элмира Сатарова “Азаттыкка” билдирди. Өткөн жылы жалпысы 90дон ашуун жаран бул илдетке чалдыкканы аныкталса, алардын көпчүлүгү эркектер. Илдет мигранттардын арасында көп катталууда.

Жалал-Абадда 716 ВИЧ оорусуна кабылгандардын 164ү каза болгон.

XS
SM
MD
LG