Ссылки доступа

Стамбулдагы жардырууда жапа чеккендердин арасында өзбекстандыктар жок 


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Стамбулда болгон жардырууда өзбек жарандары жабыркаган жок.

Муну Түркиядагы Өзбестандын элчилиги ырастады. 12-январда Стамбулдун тарыхый борборунда, Султан Ахмед мечитинин жанындагы теракттан чет өлкөлүк 10 турист, негизинен германиялыктар каза болуп, 15 киши жараланган. Алардын көбү да немис жарандары.

Стамбулдагы жардырууну Түркиядан башпаанек сураган саудиялык ишке ашырганы белгилүү болду. Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, 28 жаштагы адам бир нече күн мурун башкалка алуу үчүн арызын тапшырып, миграция борборунда жашап келаткан.

Ал тапта Түркиянын бир катар аймактарында радикалдардын уюмуна мүчө деп шектелген бир нече киши, арасында үч орусиялык кармалып, жихадчылардын документтери, курал-жарак табылды.

XS
SM
MD
LG