Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активист Бляловдун соту уланууда


Астанада бүгүн “улут аралык чатакты чыгарууну көздөгөн” деген айыптын негизинде камакка алынган жарандык активист, «Антигептил» тобунун өкүлү Болотбек Бляловдун соту уланат.

Кечээги жараянда мамлекеттик айыптоочу тарап Бляловдун Youtube сайтында жайгаштырылган видеомаегинде “эл арасында чагым салуу” аракеттери байкалганын белгилешти.

Болотбек Блялов коюлган күнөөлөрдү четке кагып, кылмыш иштин козголушун саясий негизге байланыштырды. Ал тергөө өзүн эркинен ажыратып, жарандык активист жана укук коргоочу катары жаманатты кылууну көздөп жатканын айтууда.

Болотбек Блялов “социалдык, улут аралык чатакты чыгарууну көздөгөн” деген айыптын негизинде былтыр ноябрда кармалган. Тергөө Блялов Интернетке жайгаштырган материалда эл арасында чыңалууга түрткү бериши ыктымал болгон жагдайлар бар экенин билдирип келет.

Блялов Астанада турак-жай көйгөйүн чече албай жүргөн тургундардын укугун сотто коргогон жарандык активист катары белгилүү. Ошондой эле Орусиянын ракеталарын Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурууга каршы чыккан «Антигептил» тобунун жигердүү мүчөсү.

XS
SM
MD
LG