Ссылки доступа

Украина Орусияны айланып өтүү менен Казакстанга жүк ташыйт


Украинанын бийлиги Кремлдин соода эмбаргосун киргизгенине байланыштуу Казакстанга Орусияны айланып өтүү менен жүк жеткириле турганын жарыялады.

Буга чейин Орусия Киевдин Европа Биримдиги менен эркин соода жана саясий кызматташтык боюнча келишим түзүү чечимине жооп иретинде жаңы санкцияларды киргизген. Украинанын Инфраструктура министри Андрей Пивоварский билдиргендей, Грузия менен Азербайжан аркылуу Казакстанга азык-түлүк ташуу 15-январда башталат.

Премьер-министр Арсений Яценюк менен жолугушууда Пивоварский жаңы каттам Азия менен Батыш Европанын ортосундагы соода жолу болуп каларын белгиледи. Божомолдорго караганда, 2017-жылы Украина Казакстандагы эң чоң импорттоочулардын бирине айланары күтүлүүдө. Киев келерки аптада кандай жүктөр жибериле турганын так айткан жок.

Орусияга Украинанын товарларын киргизбөө тууралуу эмбарго 1-январда күчүнө кирген. Ага чейин орус тарап Украина менен эркин соода жүгүртүү боюнча келишимди жокко чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG