Мекеменин сайтында Тажикстанда тыюу салынган “Жундулло” уюмунун видеотасмасы, сүрөттөрү жана Тунистеги Fallaga Team тобунун кайрылуусу жайгаштырылган. Анда орусиялык жарандарга Сириядан аскерлерди чыгарууга бийликти көндүрүү чакырыгы ташталган. Ошондой эле Москвага Сириянын президенти Башар Асадды колдоону токтотуу талабы коюлган. Азыр сайт иштебей турат.
Министрликтин расмий өкүлү Эхсон Хушвактов хакердик чабуул болгонун бышыктады.
Тажикстанда тыюу салынган «Жундулло» уюму “Өзбекстан ислам кыймылы” экстремисттик тобунун пропагандалык түйүнү катары белгилүү.