Ссылки доступа

Түркия ИМге каршы сокку урду


Түрк куралдуу күчтөрү Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы чабуул жасаганын өлкө премьер-министри Ахмет Давутоглу билдирди.

Анын айтымында, акыркы 48 саат ичинде террордук топтун 500 позициясына танктык жана артиллериялык соккулар урулган. Андан террордук топтун 200дөй мүчөсү жок кылынган. Давутоглу согушкерлер чек арага жакын аймактардан кетмейин мындай соккулар улана берерин да кошумчалады.

Бул чабуул Стамбулдагы 12-январда он адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин жасалып отурат. Премьер жардыруу жасаган адам Сириядан Түркияга качкын катары өткөнүн да айтты.

Түркиянын аскерий учактары Орусия истребители атып түшүрүлгөн былтыркы ноябрдан бери Сирия аба мейкиндигинде уча элек. Түркия аба мейкиндигин бузганына негиздеп, орус учагын атып түшүрүүсү Орусия-Түркия алакасы кескин начарлашына алып келген.

XS
SM
MD
LG