Ссылки доступа

Казакстанда бала бакчалардын акысы кымбаттады


Ата-энелерге бала бакчалардан акынын жогорулаганы тууралуу маалымдамалар келе баштады.

Билим берүү башкармалыгы болсо азык-түлүктүн кымбаттаганына байланыштуу балдарды тамак-аш менен камсыздоо акысы көтөрүлгөнүн билдирүүдө.

Буга жарандар нааразы болуп жатат. «Шанырак» уюмунун төрагасы Махамбет Абжан эки баласы Астанадагы мамлекеттик бакчага бара турганын айтып, баалардын кымбатташынан эми бир ай бою аларды үйдө тарбиялоого аргасыз экенин маалымдады. Анткени эки бала үчүн буга чейин 16 миң теңге төлөп келсе, эми 32 миң теңге берүүгө тийиш. Бул акча капчыгына ылайык келбегендиктен, балдарын бакчага убактылуу жибербей турган болду. Тиешелүү мекемелер абалды экономикалык каатчылык менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG