Ссылки доступа

Кыргызстан Казакстанга газ үчүн карызын төлөдү


«Газпром Кыргызстан» ишканасы «КазТрансГаз» ачык акционердик коомуна көгүлтүр от үчүн 41,6 миллион доллар карызынан кутулду.

Бул тууралуу казакстандык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Казакстанга болгон бересени 2004-2014-жылдардан бери төлөй албай келген эле. Казак тарап аны кайтарууну талап кылып, маселе өкмөттүк деңгээлде талкууланып, Астананын сотуна чейин жеткен.

“Кыргызгаз” ишканасы 2014-жылы бардык карыздары менен орусиялык «Газпром» компаниясына сатылган. Тиешелүү документте орус ишканасы береселерди жаба турганы макулдашылган болчу.

XS
SM
MD
LG