Ссылки доступа

Тажик президентинин уулу Футбол федерациясынын жетекчилигине кайра шайланды


Бүгүн Дүйшөмбүдө өткөн Тажикстандын футбол федерациясынын жыйынында Рустам Эмомали кайрадан уюмдун башчысы болуп тандалды.

Ал аталган федерацияны 4 жылдан бери жетектеп келүүдө. Отурумда Рахмон 2012-2015-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыкарып, алдыдагы максаттары менен бөлүштү.

Рустам Эмомали Тажикстандын футбол федерациясынын президенти кызматына 2012-жылы шайланып, “Элдик фронт” уюмунун мурдагы башчысы Сухроб Косимовдун ордун ээлеген.

Рустам президент Эмомали Рахмондун тун уулу. Жакында эле Тажикстанда Баш мыйзамга президенттикке талапкердин жашын төмөндөтүүнү караган өзгөртүү киргизүү сунушталган. Эгерде бул демилге эл өкүлдөрүнөн колдоо тапса, Рустам Эмомали 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышары жоромолдонууда.

XS
SM
MD
LG