Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобу Сирияда 400 кишини барымтага алды


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сириянын чыгышындагы жаңы аймактарды басып алуу учурунда 400 адамды барымтага алды.

Арасында аялдар жана балдар бар. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдиргендей, 16-январда Даиш согушкерлери адамдарды өкмөт көзөмөлдөп турган Ал-Багалия айылында барымтага алган. Аталган кыштак Дейр эз-Зор шаарына жакын жайгашкан. Уурдалгандар арасында өкмөт күчтөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү да бар.

Обсерватория башчысы Рами Абдул Рахман уурдалган кишилер өлтүрүлүшү мүмкүн экенин айтып, тынчсыздануусун билдирди. Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги тараткан кабарга ылайык, жакында эле согушкерлер Дейр эз-Зор шаарында барымтага алынган 300 адамды да өлтүрүшкөн. Алардын көпчүлүгү улгайган кишилер, аялдар жана балдар болчу.

XS
SM
MD
LG