Ссылки доступа

Байлардын бир пайызы жер шарындагы байлыктын жарымына ээ


Эл аралык Oxfam кайрымдуулук уюмунун билдирүүсүндө, дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын бир пайыз байлыгы жалпы адамзаттын байлыгына барабар.

Oxfam дүйнөнүн эң таасирдүү адамдарынын башын бириктирип, шейшембиде Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумду утурлай өз иликтөөсүн жарыялады. Башкы максат - теңсиздикке элдин көңүлүн бурууну көздөйт.

Аталган бирикме дүйнөдөгү эң бай 62 адамдын активдери дүйнө калкынын эң жакыр жарымы чогулуп ээлик кылган активдер менен бирдей экенин эсептеп чыккан. Бул бай адамдардын жарымы АКШда, 17си Батыш, калганы Кытай, Бразилия, Мексика жана Жапонияда жашайт. 2010-жылкы изилдөөдө 388 эң бардар адамдын байлыгы адамзаттын жарымынын байлыгына тете болгон. Эсептөөлөр үчүн уюм эң ири банктардын бири Credit Suisse банкынын маалыматтарын колдонгон.

Дүйнө жүзү боюнча эң бай делген он пайызга 69 миңдей доллардык активи барлар кирген, ал эми 760 миң долларлык актив жана ага ээлик кылгандар планетанын бир пайыз байларынын арасына кошулган.

“Жалпы жыргалчылык үчүн, келечек муунга жана бүт планетага иштей турган экономика кургандын ордуна биз бир пайызга экономика түзүп бердик”, - деп жазылат Oxfam уюмунун баяндамасында. Ошондой эле 7,6 триллион долларга чукул топтолгон капитал оффшордук аймактардагы эсептер менен байланыштуу экени, алардан салык алынса, тиешелүү мамлекеттер 190 миллиард доллардай кошумча каражат алмактыгы айтылган.

Ушул эле күнү жарыяланган Бириккен улуттар уюмунун баяндамасында болсо жаңжалдар орун алган жана табийгат кырсыгы катталган аймактардын жашоочуларына жардам берүү боюнча жыл сайын бөлүнүүчү кошумча каржынын көлөмү 15 миллиард долларга жетпей турганы жазылган.

XS
SM
MD
LG