Ссылки доступа

Украина: Донбасста кырдаал курчуду


Украина Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Орусиянын жана аны жактаган жикчилердин Донбасстагы абалды курчутуу аракеттери тууралуу расмий кабардар кылды.

Бул тууралуу өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн сайтында жарыяланды. Киев Орусиянын Минск келишимин аткарбай жатканына, текебер мамилесине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөп жатат. Билдирүүдө Донецк жана Луганкс облустарынын бир катар райондорундагы кырдаалга толугу менен Москва жоопкер экени белгиленген.

Ошондой эле ок атууларды токтотуу боюнча ортомчулар менен үч тараптуу соңку жолугушууда жетишилген макулдашууга карабай, украиналык жоокерлерге каршы куралдуу чагымдар көбөйгөнү айтылат. Маалыматка караганда, 17-январда Украина армиясы жана жарандык объектилер 48 жолу ок атууларга кабылган. Андан мурунку күндөрдө жетимиштен ашуун ок чыгарылган.

Расмий Киевдин баамында, жикчилдердин мындай жоругу Украина менен эл аралык коомчулуктун тынчтык менен туруктуулукту калыбына келтирүү максатын жокко чыгарып, көйгөйдү жөнгө салууда саясий багытты колдонуу мүмкүн эместигин көрсөтүүдө.

Мындан тышкары Украинанын билдирүүсүндө, буга окшогон чагымчыл иштер тынчтык жол менен абалды жөнгө салууга тоскоолдук келтирип, чыңалуунун дагы көпкө уланышына негиз болору көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG