Ссылки доступа

Байкоңур космодромуна поезд каттай баштайт


Казакстанда Байкоңур космодромун үч күндүккыдыруу боюнча программанын алкагындауюштурулганкаттамды «Туран экспресс» компаниясы жүзөгө ашырмакчы.

Анын катышуучулары космодромдон «Союз»ракетасынын учурулушун көрүп,“Коркут ата ”зыярат кылуучу борборун, “Байкоңур” музейин кыдыра алышат.Туристтер Алмата — Тараз — Чымкент — Кызылордо — Байкоңур каттамы аркылуу жүрүшөт.

Быйыл аталган космодромдон алты жолу учуруулар максат кылынган. Кийинкиси 19-мартка белгиленген. Шаар жана космодром киргенжабык түрдөгү «Байкоңур» комплексине барууну каалаган казакстандыктар былтыркы жылга чейин уруксат алуу үчүн 30, ал эми чет элдиктер 45 күн күтүшчү.Космодромду ижарага алып иштеткен Орусиянын чечими мененэми он күн ичинде уруксат алууга шарт түзүлдү.


Туристтерден өздүктү тастыктаган документ же жалпы жарандык паспорт талап кылынат.Каалоочулар музейлерди,Гагариндин үйүн,«Коркут-ата» жайын көрө алышат.Ал эми ракетанын учурулганына 4 километр алыстыкта жайгашкан аянтчадан байкоо салынат.Уюштуруучулар «Союз» ракетасын кое берилишин көрүүсаламаттыкка зыян келтирбей турганын,ал эми «Протон» кооптуу экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG