Ссылки доступа

Орусиялык журналистке Украинадан баш паанек берилди


Журналист жана блогер Дмитрий Шипилов Украинадан саясий баш паанек алганын жарыялады.

Ал “он айга созулган иш аяктаганын айтып, бардыгына ыраазычылык” билдирген. Ошондой эле журналист саясий качкындын күбөлүгүн өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

Дмитрий Шипилов Кемеров облусунун губернатору Аман Түлеевге карата жазгандарын сот мазак катары баалап, аны кара жумушка чегерген өкүм чыгарган болчу. Журналист күнөөсүн моюнуна албастыгын айтып, Москвага кетип калган. Ал жактан кармалып, кайра Кемеровго жеткирилип, кара жумуштан качканы үчүн үч айга эркинен ажыратылган болчу.

Былтыр 29-декабрда бошотулуп, Орусиядан чыгып кетип, украин бийлигинен баш паанек сураган эле.

XS
SM
MD
LG