Ссылки доступа

Давосто дүйнөлүк экономикалык форум башталат 


Швейцариянын бул курорттук шаарында бүгүн ачылып жаткан эл аралык форумда адаттагыдай эле дүйнөнүн бизнес жана саясий лидерлери топтолот.

Жыйындын башкаруучу директору Филипп Рёслер билдиргендей, быйыл кадимки өндүрүштү санариптик технологиялар менен бириктирүү багытындагы төртүнчү өнөр жай төңкөрүшү башкы маселе катары талкууланат. Ошондой эле гуманитардык жардамдар, анын ичинде качкындарга көмөктөшүү жана мигранттардын жапырт агымынын чоо-жайлары ортого салынмакчы.

Дүйнөлүк форум жыл сайын өтүп турат. Быйыл кырк алтынчы ирет уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG