Ссылки доступа

Керри менен Лавров дүйнөлүк орчундуу маселелерди талкуулайт


Швейцариянын Цюрих шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен бүгүн жолугат.

Алар Сирия менен Украинадагы кырдаалды, Ирандагы санкциялар алынгандан кийинки жагдайды талкуулашмакчы. ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, тараптар Москва менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтыктын күңгөй-тескейин да талкуулашат. 25-январда Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү пландалгандыктан, Керри менен Лавровдун жолугушуусунун негизи багытын Сириядагы абал түзөт.

Бириккен улуттар уюмунун резолюциясына ылайык, Сирияда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин алты ай ичинде өткөөл өкмөт түзүлүп, жаңы конституциянын долбоору иштелип чыгышы керек жана 18 айдан соң эркин, акыйкат шайлоо өткөрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG