Ссылки доступа

Пакистанда студенттик шаарчадагы чабуул үчүн талиптер жоопкерчилик алды


Өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жайгашкан университетке болгон чабуулдан кеминде 21 адам ажал тапты.

Курмандыктардын арасында студенттер менен окуу жайдын кызматкерлери да бар. Аймактын бийлиги чабуулдан кеминде 50 адам жаракат алганын билдирди. Чабуул бүгүн эртең менен провинция борбору Пешавардан түндүк-батышка карай 20 чакырымдай аралыкта жайгашкан Чарсадда шаарындагы Бача Хан университетине жасалды.

Провинциянын полиция башчысы Саид Вазир согушкерлер окуу жай кампусундагы балдар жатаканасын аткылаганын айтты. Чабуул үчүн Пакистандагы "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алды. 2014-жылдын декабрында Пешаварда жана мугалимдер көз жумган болчу.

XS
SM
MD
LG