Ссылки доступа

БУУ: Иракта үч жарым миңдей адам ИМ тобунда кулчулукта


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаганэкстремисттик топ Иракты үч жарым миңге чукул адамды кул катары иштетип жатканы Бириккен улуттар уюмунун билдирүүсүндө айтылат.

Уюмдун Ирактагы жардам миссиясынын жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыктын баяндамасына таянсак, кулчулукту жүргөндөрдүн катарын балдар менен аялдар да толуктайт. Алар сексуалдык запкы тартышууда.

БУУ террордук топтун мындай кадамын адамзатка каршы жасалган аскердик кылмыш, жада калса геноцид деп баалоого болорун жарыялады.

Ошол эле маалда баяндамада Ирактын өкмөттүк аскерлерижана бул өлкөдөгү Күрдстан автономдук түзүлүшүнүн куралдуу күчтөрү карапайым жарандарды өлтүрүп, барымтага алганы да эске салынган. Мындай жоруктардын бир катарында “Ислам мамлекети” же аны менен байланышы бар топтордун жактоочулары деп саналган адамдардан өч алынганы белгиленген.

Бириккен улуттар уюмунун билдирүүсүндө, 2014-жылдын январынан 2015-жылдын октябрына чейин Иракта зордук-зомбулуктан, кыйноолордон 19 миңге жакын жай тургун каза таап, 36 миңден ашууну ар кандай жараат алган.

XS
SM
MD
LG