Ссылки доступа

Назарбаев мажилисти мөөнөтүнөн мурда таратууга макул болду


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 20-январда парламент мажилисин таратуу тууралуу жардыкка кол койгонун президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Аны менен бирге президент эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү жарыялап, ал 20-мартка белгиленди.

13-январда мажилис депутаттары өлкө башчысынан парламенттин төмөнкү палатасын таратууну "суранган". Мындай сунуш глобалдык кризис жана ага каршы туруу менен түшүндүрүлгөн. Ошондой эле азыркы парламент президент Назарбаев сунуштаган реформаларды ишке ашыруу үчүн ондогон мыйзамдарды кабыл алуу менен өз миссиясын аткарып бүткөнү айтылган.

Айрым серепчилер бул демилгени азыркы экономикалык каатчылыктан элдин көңүлүн алаксытуу катары баалаган.

Казакстанда буга чейинки парламенттик шайлоо 2012-жылдын январында өтүп, анда мажилиске үч партия - президентти колдогон “Нур Отан” жана бийликчил “Ак жол” менен Казакстан элдик коммунисттик партиялары келген. Мыйзам боюнча парламенттик шайлоо беш жылда бир өтүшү керек. Мажилисте жалпысынан 107 депутаттык орун бар. Анын 98и партиялык тизме менен шайланса, калган тогуз депутатты Казакстан калк ассамблеясы тандайт.

XS
SM
MD
LG