Ссылки доступа

АКШда жол кырсыктан кыргыз жараны каза тапты


Американын Сан-Франциско шаарында 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны Алмазбек Таиров жол кырсыгынан кайтыш болду.

Ал 19-январда күндүз мотоцикл менен жумушка баратып, 6-7 метр бийиктиктеги көпүрөдөн кулап кетип, кырсык болгон жерде көз жумган. Буга анын мотоциклди башкара албай калганы себеп экени кабарланды.

Сан-Францискодо жашаган кыргызстандыктар маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн акча чогулта баштады. Азыр жалпысынан 8 миң доллар топтолгон.

XS
SM
MD
LG