Ссылки доступа

“Центерра” Кумтөрдүн тынымсыз иштеши Кыргызстанга гана пайдалуу экенин айтууда


Канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы Кыргызстандагы кен иштетүүгө байланышкан пикир келишпестиктерден улам жакынкы жылдарда башка өлкөлөр менен иштешүүнү көздөп жатат.

Буга байланыштуу өз ишмердигин кеңейтип, Кумтөргө атаандаш боло турган долбоорлорду издөөгө киришти. Аталган компания Монголиядагы Бору, Гацурт жана Түркияда Оксүт кендерин да иштетет.

“Центерранын” жетекчилиги көп учурларда Кумтөр боюнча кыргыз тараптын сунуштарын жана кызыкчылыктарын кабыл албай келүүдө. Алардын бири катары “Центерра голд инктин” кошумча 4,6 млн. даана акция чыгаруу тууралуу 28-декабрда кабыл алган чечимин атасак болот. Ага кыргыз тарап каршы болгон. Бирок ага карабай чечим кабыл алынды.

Бул бүтүм Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларынын кыскарышы менен кыргыз тарап үчүн зыяндуу экени айтылууда. Андан сырткары “Центерра голд инк” экология боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо багытындагы сунуштарды аткаруудан баш тартууда.

Ишкананын Директорлор кеңешинин кыргыз тараптан дайындалган мүчөсү Кылычбек Шакиров Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсү жана Торонтодогу Кыргызстандын акцияларын коргоо негизги маселе болуп жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, канадалыктар Кумтөрдүн тынымсыз иштеши бир гана Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин айтып жатышат. “Центерра голд инктин” жетекчилиги 18-январда Бишкекке келип, өкмөт башчы менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр башталды.

Быйыл Кумтөрдөн 16 тоннанын тегерегинде алтын казып алынары, Кыргызстандын бюджетине 5 млрд. сомдон ашуун салык төлөнөрү пландалган. Өткөн жылы 16 тонна 200 килограммга жакын алтын өндүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG