Ссылки доступа

Түркия менен Кыргызстандын товар алмашуусу азайды 


Эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуу 2015-жылы бир жыл мурункуга караганда 80 миллион долларга кыскарган.

21-январда Анкарада башталган эки күндүк кыргыз-түрк бизнес форумунда айтылгандай, 2014-жылы товар алмашуу 312 миллион доллардан ашса, 2015-жылы 232 миллион 800 миң сомду түзгөн. Адистердин белгилешинче, экспорт жана импорттун төмөндөшү дүйнөдөгү экономикалык кризистерге жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу. Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен 300 ишкана бар.

Иш-чарада эки тараптуу кызматташуу боюнча үч келишимге кол коюлду. Документтер Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Түркиянын бажы жана соода министрлиги жана соода, өнөр жай палаталары ортосунда түзүлдү.

Макулдашууларда эки өлкөнүн соода экономикалык кызматташтыгын арттыруу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жана Түркиянын ыкмасы боюнча Кыргызстанда өнөр-жай аймактарын куруу маселеси каралган.

Эки күндүк бизнес форумдун максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган жүздөн ашык мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер, Түркиядан 150гө жакын өкүл катышууда.

XS
SM
MD
LG