Ссылки доступа

Кыргызстанда спортчу Руслан Түмөнбаев бейбаштыкка шектелип камалды


Олимп оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаев Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева билдирди. Анын айтымында, Түмөнбаевге карата Октябрь райондук милициясы кылмыш иш козгоп, тергөө башталды:

- 21-январга караган түнү Жол кайгуул кызматы жүргүзгөн рейд учурунда Токомбаев көчөсүнөн "Лексус" унаасын айдап бараткан Руслан Түмөнбаев токтотулган. Документи жок жана өзү мас болгондуктан унаасы камалган. Бирок ал уруксаты жок алып жүргөн газ-травматикалык тапанча менен милиция кызматкерлерин коркутканына байланыштуу Октябрь райондук бөлүмүнө жеткирилген.

Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медал тагынган. Учурда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында директордун орун басары болуп эмгектенет.

XS
SM
MD
LG