Ссылки доступа

 Казакстанда жарандык активисттер соттолду


Алмата сотунун чечими менен жарандык активисттер Серикжан Мамбеталин эки жылга, Ермек Нарымбаев үч жылга абакка кесилди.

Алар кылмыш кодексинин 174-беренеси боюнча, “социалдык, улут аралык, расалык жана диний чатакты козуткан”, деген айыптардын негизинде күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле эки активистке жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомдук-саясий ишмердүүлүк менен беш жылга чейин алектенүүгө тыюу салынды.

Ермек Нарымбаев менен Серикжан Мамбеталин былтыр 12-октябрда камакка алынган. Андан мурда Нарымбаев бийликке каршы акциялар үчүн бир нече ирет административдик жазага тартылган.

Серикжан Мамбеталин жетектеген «Руханият» партиясы 2011-жылдын 15-январындагы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилип, өзү төрагалыктан кеткенден кийин социалдык түйүндөрдө бийликти катуу сындап жүргөн.

Жарандык активисттерге Facebookтагы баракчаларына “Көчөдөн соккон шамал” деп аталган китептин үзүндүлөрүн жайгаштыргандан кийин кылмыш иши козголгон. Аны Интернеттен көчүрүп алышканын айтышууда. Ал эми чыгарманын автору, дагы бир жарандык активист Мурат Телибеков сотто китепте мындай тексттер жок болгонун айтып, ага каршы да иш ачылган.

Айыпталуучулар өздөрүнө тагылган күнөөлөр менен макул болбой, муну саясий негиз менен байланыштырууда.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму расмий Астананы өз дарегине ачык сын айткандарды камакка алууну токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG