Ссылки доступа

Кыргызстанда 20 жылда ВИЧ\СПИДден 1343 адам каза болду


Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.

Кыргызстанда аталган илдетти жуктуруп алган биринчи адам 1996-жылы катталган. 2016-жылдын январь айына карата 6110 адам бул илдетке чалдыкканы расмий аныкталды. Каза тапкан 1343 адам да ушул сандын ичине кирет. Ушул тапта дарттын акыркы стадиясы - СПИД менен жабыркап жаткандар 416 киши.

Оорусу аныкталгандардын 4061и эркектер, 2049у аялдар. Балдардын саны – 554.

ВИЧ жуктургандардын 51 пайыздан ашуунун маңзат колдонуучулар. Калгандары жыныстык жол жана дарыгерлердин шалаакылыгы менен ооруга кириптер болушкан. Адистер ооруга чалдыккандар бейрасмий мындан да көп экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG