Ссылки доступа

Ооган президенти өлкөдө “Ислам мамлекети” жоготуларын билдирди


Швейцарияда Давос экономикалык форумуна катышып жаткан президент Ашраф Гани Би-Би-Сиге берген интервьюсунда “Ислам мамлекети” аталган топ Ооганстанга мүнөздүү эмес көрүнүш, алар жасап жаткан жырткычтыктар элди алардан четтетти деп билдирди.

Ал Даишке каршы эл аралык жана регионалдык деңгээлде каршы турууга үндөп, биз өтө опурталдуу тобокелчиликтер менен кез келип турабыз деди.

Президент ошондой эле талиптер менен жакынкы жумаларда сүйлөшүүлөр башталбаса чатак күчөп, анын терс таасири жалпы регионго тиерин эскертти.Талиптер өз кезегинде алардын сүйлөшүүлөргө катышуусу үчүн абактагы пикирлештерин жана тоңдурулган активдерди бошотуу, лидерлердин эркин жүрүүсүн жана кеңсесинин легалдуу иштешин камсыздоо талаптарын коюшту.

XS
SM
MD
LG