Ссылки доступа

Анжиянда маршруттук таксилерге тыюу салынды


Анжиян шаарында 21-январдан тарта «Дамас» маршруттук таксилерине жүргүнчү ташууга чек коюлду. Буга чейин алар шаардын борбору, Эски шаар, Жаңы базар каттамдары боюнча эл ташычу.

Жол күзөт кызматкерлери маршруттук таксилерди калаа ичине киргизбей, аталган каттамдар боюнча жүрүүсүнө уруксат бербей жатат. Айдоочулар жүргүнчүлөрдү баруучу жерлерине маалелер жана ыңгайсыз айланма жолдор менен жеткирүүгө мажбур болушууда.

Жергиликтүү бийлик “Дамастардын” ордуна чоң автобустарды ишке киргизди. Бирок алар убагында келбей, калкка ашыкча түйшүк жаратып жатканы айтылууда. Алар автобустарга караганда, маршруттук таксилер ыңгайлуу экенин белгилешет. Маршруттук таксинин жол киреси 500 сум болсо, автобустарга 1000 сум.

Айдоочулар бийликтин мындай чечимине Анжиян облусунун башчысы автоунаасы менен бир нече жолу тыгында калганы түрткү болгонун билдиришүүдө.

Өзбекстандын бардык аймагында «Дамас» таксилери миллиондогон адамдар үчүн эң ыңгайлуу унаа болуп саналат. Алардын ичи тар болсо дагы, көпчүлүк аны менен жүрүүнү тандайт.

XS
SM
MD
LG