Ссылки доступа

Норвегия качкындардын тагдырына баш катырууда


Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, бийлик Орусиянын аймагы аркылуу келген качкындарды депортациялоону убактылуу токтотту.

Анткени расмий Москва алардын кайтарылышына байланышкан маселени кылдат карап чыгууга ниеттенүүдө.

Өткөн жумада Осло бийлиги Орусия менен Норвегиянын чек арасынан өткөн мигранттарды жана бир нече айдан бери качкын макамын алууга умтулуп жаткандарды кайра артка кайтара турганы белгилүү болгон эле.

Былтыр Сирия, Ооганстан жана Ирактан ооп келген беш миңден ашуун мигрант Москва, Мурманск жана Никель аркылуу өткөн “арктика каттамы” менен Норвегияга кирүүгө аракеттенген. Би-Би-Си кабарлагандай, орус мыйзамдарында чек арадан жөө өтүүгө тыюу салынгандыктан, мигранттар шайтан араба сатып алышып, аны менен өтө баштаган.

XS
SM
MD
LG